Жетим баланын арманы Эмил Балтагулов

Эмил балтагулов клип скачать а также видео Эмил балтагулов клип скачать

Рейтинг: 0

Исполнитель: Эмил Балтагулов

Название песни: Жетим баланын арманы

Длина файла: 03:47

Дата добавления: 2015-11-23

Текст просмотрен: 625

Скачать

 
Другие песни Эмил Балтагулов
Текст:

Оорусам мен деп ооруган,
Апакем менин бар бекен?
Эмне үчүн келбейт бир жолу?
Атакем менин кайда экен?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.

Чымчык да коргойт балапан,
Чымды алып келип талаадан.
Унчукпас болуп мен бүгүн,
Кусадан ооруп баратам.
Кызгалдак терип келсем дейм,
Апакем, сага берсем дейм.
Мойнунан бекем кучактап,
Аталык мээрим көрсөм дейм,
Энелик мээрим көрсөм дейм.

Сумсайып барат негедир,
Ачылбай сыздап көңүлүм.
Айта албай, ата, атыңды,
Өтөбү эми өмүрүм?
Күлкүнү билбей кайгырып,
Ой менен жашап өтөмбү?
Айта албай эми атыңды,
Өмүрдөн өксүп өчөмбү?
Жашоодон ыйлап өтөмбү?
Баладай качан күлөм мен?
Силер деп ооруп жүрөм мен.
Бар болсоң келчи, апакем?
Кайдасың айтчы, атакем?
Күттүрбөй келчи, ата-энем.

Фильмы
Э. Балтагулов - Жетим баланын арманы
Комментарии (0)
Добавить коментарий



Код безопасности:

Войти
Песни
Исполнители